Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу коркуп, жалкып, жалкоотой болуп калуу, баш көтөргүс, бир нерсени экинчи кайталагыс болуу. Запкыдан, кырсыктан жедеп жүрөгү өлүп бүткөн келин башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан үйүнө каран түн түштү (Акматов). Колго түшкөн жаралуу баатырдын жүрөгү өлгөн экен деп, атчан эки жигитке айдатып айлына жөнөтөт (Каимов). Турмуштун запкысына аябай жүрөгү өлүп калган көрүнөт (Абдукаримов).